
Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков кармалбаганын «Т-Медиага» билдирди. Атайын кызмат Айдарбеков суракка да чакырылбаган дейт.
УКМКнын маалыматына боюнча, депутат Казакстан менен чек арадан өткөн.
27-ноябрга карган түнү Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева УКМК депутат Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду кыргыз-казак чек арасынан токтотуп, Жамгырчиевди кармап кеткенин социалдык тармактардагы баракчасына жазган. Өтүп бара жатканда Жамгырчиевдин сыртка чыгышына тыюу салуу бар экени билинген. Сурабалдиева депутаттар чогулган соң Жамгырчиевди кое беришкенин белгилеген.
УКМКнын басма сөз кызматы Эмил Жамгырчиевдин кое берилгенин «Т-Медиага» ырастап, бирок эмне себептен кармалганы тууралуу маалымат берген жок.
Эске салсак: Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген.
Каршы добуш бергендердин катарында Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков болгон.
Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттарга коркутуу болуп жатканын айткан.
Оставьте первый комментарий