Алмаз Мамбетов мэрлик кызматтан кетти

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кол койду.

Алмаз Мамбетов Ош шаарына былтыр 26-августта мэр болуп шайланган. 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

Кызматка келгенде Мамбетов адегенде журналистерге маалымат жыйын куруп, Ош шаарында «таза суу маселесин чечем» деген убадасын берген. Калаа бийлиги маселени чечүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 9-августунда 250 миллион сомдук тендер жарыялады. Долбоордун мөөнөтү эки жыл, Ош мэриясы ишке ашкандан кийин шаардагы таза суу маселеси 70-80% чечилет деп ишендирүүдө. Бирок аталган иш азырынча бүтө элек.

Мэрия быйылкы жылды «Тротуар жылы» деп атап, каралбай калып кеткен жөө адамдар басуучу жолдорду массалык оңдоп жаткан учуру. Андан тышкары мыйзамсыз ээлеп алган тротуарларды кайтаруу аракетин көрүп жатат. Бирок, массалык башталган курулуш аягына чыга элек.

Алмаз Мамбетовдун мэрликке келгенден кийинки көзгө басаар демилгеси катары Ош шаарынын эн белгисин иштеп чыгуу аракети аталып жүрөт.  Ал үчүн алдыңкы эки орунга 50 миңден 100 миң сомго чейин белгиленген «Ош — Silk Road Provider» сынак өткөн. Мэр бул демилге Ошко жүз миңдеген туристтерди тартат деп ишендирген.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1349 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*