
Жалал-Абадда тротуарды басып алуу, тосуп алуу, менчиктештирип алуу иштери дале токтой элек. Калаада үлкөн «хан сарайларлар» эле эмес, мамлекеттик мекемелер да жөө адамдардын жолун тосуп алышкан. Аны көзөмөлдөп, мыйзам бузгандарды жоопко тартабыз деген жергиликтүү бийликтин ишинен дайын жок.
Быйыл Жалал-Абадда тротуарлар жылы деп жарыяланганы менен жаңыланган жөө адамдар өтүүчү жолдордон дайын жок. Жаңы көчөлөр мында турсун, жөө адамдар чоң жол менен айланып өтүүгө мажбур болгон учурлар да бар. Мисалы, бул калаадагы Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин короосу. Бул жерден тротуар менен басып келе жатып эле окуу жайдын тосмосуна урунасыз. Аргасыздан чоң жол менен айланып өтүүгө мажбурсуз.
«Негизи шаарда жөө жүргүнчүлөргө шарттар өтө начар. Мамлекеттин, жергиликтүү бийликтин жарандардын астындагы эң биринчи милдети нормалдуу шарттарды түзүп берүү да. Билим берип, окутуп, адамды адам кыла турган гилтейген университеттер да жөө адамдардын жолун тосуп алганы өтө өкүнүчтүү», -дейт шаар тургуну Бакыт Борошов.
Мына ушундай эле көрүнүш окуу жайдын башка бөлүгүндө да бар. Бул жактан жол менен келе жатып окуу жайдын имаратына урунасыз. Окуу жайдын жетекчилигинин айтымында, бул жер мурун аялдама болгон. Иштетилбей жаткандыгына байланыштуу окуу жай калаа бийлигинен ижарага алып турган.
«Тротуардын ордун ээлеп турган темир тосмо университеттики эмес, мэриянын балансында. Суу өтүүчү лоток ичкери жакта жайгашкан да. Ошого ыңгайлап да тротуардын ордун кошуп тосушкан болушу мүмкүн», -дейт Ш.Токтомамтов атындагы Эл аралык университетинин кесиптик кошунунун төрагасы Улан Абдыгулов.
Калаа бийлиги эмне дейт?
Калаа аймагында бул сыяктуу көрүнүштөр ондоп саналат. Бул болсо Жалал-Абад шаарынын бобордук аянтынын оң жак бөлүгү. Кадимки тротуар келе жатып эле авто унаа токтотуучу жайга айланып кеткен. Андан сырткары жолго чыгып алган дүкөндөр, авто унаа жуучу жайларда бар. мэрия бул сыяктуу көнүнүштөрдүн далайын тазаладык деген менен шаардын борбордук бөлүгүндө бул көйгөйлөр учурда да жөнгө салына элек. Вице-мэр Нурбек Сатаров калаа бийлиги муниципалдык жерлерди ээлеп алгандар менен кандай күрөшүп жатканын мындайча түшүндүрдү:
«Шаардын башкы планы жаңыдан жасалып жатат. Ошондуктан көпчүлүк муниципалдык жерлерде тактоо иштери кыйынчылыкка алып келүүдө. Башкы план жок, жолдор тар, оңдоло элек кезде Мамлекеттик каттоо кызматы мэриянын балансындагы жерлерди жеке менчикке ашыгы менен чиийп берип койгон учурлар бар экен. Ал жерлерди кенемте төлөө менен алууга, мажбурлап буздурууга бара албай жатканыбыздын себеби да ушундан болууда. Көптөгөн объектилерде сот процедуралары жүрүп жатат. Ал да убактыларыбызды алып жатат. Тротуарлардын жерлери боюнча тапшырмалар берилген. Жакын арада жыйынтыктарын билдиребиз», -деди Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Элдос Таев.
Шаар аймагында жалпы 100 чакырымдан ашуун жолдор бар. Алардын көпчүлүгү жараксыз акыбылга келип, оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Быйылкы жылга он чакырым тротуарды оңдоо пландалган. Азыркы күндө анын төрт чакырымга жакыны гана бүткөрүлүп пайдаланууга берилген.
Буга чейин «Т-Медианын» «Жарандык көзөмөл» программасы Жалал-Абаддагы тротуар көйгөйүн жерине барып чагылдырып келген. Анда шаардын тегерек чети эмес, түз эле эл жык жайгашкан аймактарга барышкан. Тротуарларды өз алдынча ээлеп алгандарды Касым Тыныстанов, Курманбек, Жеңижок көчөлөрүнөн жана Спутник шаарчасынан жолуктурушкан. Анда да жергиликтүү бийлик жогорудагыдай маалымат берип, быйыл көйгөй чечилерин убадалаган.
Оставьте первый комментарий