Оштун жаңы мэри болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды

Ош шаарынын жаңы мэри болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапараов кол койгону 29-ноябрда маалымдалды. 

56 жаштагы Жетигенов Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты болгон. Былтыр 26-ноябрда бийликти басып алууга аракеттенген деген шек менен кармалган. Кийин депутаттык комиссия ал мыйзамсыз кармалган деген бүтүмгө келип, Бишкек шаардык соту депутатты эркиндикке чыгарган.

Бакытбек Жетигенов ким?

Жетигенов Чүй облусунун Сайлык айылында туулган. 1991-жылы дене тарбия институтун, 2013-жылы юриспруденция адистигин аяктаган. Алгач парламентке 2010-жылы «Ар-Намыс» партиясынан барган. Алтынчы чакырылышта Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан депутат болгон.

Оштун буга чейинки мэри Алмаз Мамбетов кызматка былтыр августта келген. 2018-жылдан 2021-жылга чейин калааны Таалайбек Сарбашев башкарып турган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*