
Учурда Улуттук банктын карамагында 37,8 тонна алтын бар. Анын 13 тоннасы алтын-валюта резервинде, 23,7 тоннасы алтын корунда турат. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Аида Карабаева маалымат жыйында билдирди.
Карабаеванын маалыматында алтын-валюта резервинде 57 миллиард сомдук, Улуттук банктын алтын корунда 108,4 миллиард сомдук алтын бар.
25-26-ноябрда өткөн элдик курултайда президент Садыр Жапаров Улуттук банкта 38 тонна алтын сакталып турганын билдирген. Кумтөр алтын кениндеги казылган алтынды иликтөө үчүн былтыр февралда Жогорку Кеңеште комиссия түзүлгөн.
Буга чейин Улуттук статистика комитети былтыр Кыргызстандын алтын экспорту 24,8 тоннага жеткенин кабарлаган. Анын төрт тоннасы Улуу Британияга, бир тоннасы Швейцарияга, ошондой эле Орусияга, Кытайга, Италияга жана Түркияга да аз-аздан, 19,2 тоннасы «белгисиз өлкөгө» экспорттолгонун билдирген. Улуттук банк алтын-валюта резервдери менен операциялар купуя маалыматтарга киргендиктен, ал экспорттолгон өлкө ачыкталбай турганын айткан.
Оставьте первый комментарий