Акаев Жамгырчиевдин үйүнөн үн, видео жаздыруучу аппараттар табылганын билдирди

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жалпы жыйынында «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан үн жана видео жаздыруучу аппараттар табылганын билдирди.

Акаев Жамгырчиевдин кыргыз-казак чек ара бекетинде күч органдары тарабынан кармалып, кайра бошотулганын Кемпир-Абад суу сактагычына «каршы» добуш бергени менен байланыштырды. Ал фракциялаштарынын кармалышына расмий түшүндүрмө талап кылды.

«Жамгырчиевди күч органдары мыйзам бузуу менен кармап, аны Бишкек шаарына жеткирген. Аны чет өлкөгө чыгуу укугу бузулду. Жогорку Кеңештин депутатын күч органдары кармап «Ал жакка баспа, бул жакка басасың» дегени  туура эмес. Биз аны Кемпир-Абад маселесинде каршы добуш бергени менен байланыштырабыз. Эмил Жамгырчиевге 2018-жылы иш козголуп, бирок райондук, шаардык жана Жогорку соттон толугу менен актоо чечими чыккан. Бирок ошого карабастан азыркы күндө ишти кайра жандантуу аракети болуп жатат. Эң негизгиси кечээ күнү Жамгырчиевдин автоунаасынан, үйүнөн үн жана видео жаздыруучу аппараттар табылган. Депутат каршы добуш береби же макул деп добуш береби, ал үчүн жооп бербейт. Бул Баш мыйзамда да, регламентте да так жазылган. Ошондуктан мага, Жогорку Кеңештин төрагасына күч органдарынын жетекчилери болуп өткөн окуя тууралуу так жана толук маалыматты бүгүндөн кечиктирбей берип коет деген ишеничтемин». 

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиевдин айтымында, ал УКМКдан эки депутат боюнча оозеки түшүндүрмө алган. Атайын кызмат депутаттарды эч кандай кармоо болбогонун билдирген.

Эки депутат чек арада кабылган окуя

Парламент депутаты Эмил Жамгырчиев 27-ноябрга караган түнү кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы билинген. Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева билдиргендей, Жамгырчиевди УКМКнын өкүлдөрү кармап, кайра кое берген.

Кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Т-Медиага» Эмил Жамгырчиев боюнча маалыматты тастыктап, Айдарбеков эч кандай суракка алынбаганын билдирген. Атайын кызмат белгилегендей, депутат Казакстан менен чек арадан өткөн.

Эске салсак: Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген. Каршы добуш бергендердин катарында Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков болгон.

Жамгырчиевге козголгон иш

2020-жылдын октябрь айында Эмил Жамгырчиев пара алууга шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылы анын иши Биринчи май райондук сотунда каралып, акталган. Райондук соттон Жамгырчиев казынага 20 млн сом төлөгөнүн билдиришкен.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*