ИИМ: Болот Темировдун Кыргызстандан алган паспорту жараксыз деп табылды

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кыргыз жарандыгынын жоктугунан Орусияга депортацияланды. Бул тууралуу Жогорку Кенештин 30-ноябрдагы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутат Дастан Бекешевдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

Депутат Абдиевге «Болот Темиров Кыргызстандын жараныбы?» деген суроо узатты.

«Ал эми Болот Темиров боюнча соттун чечими чыккан. Анын Кыргызстанда алган паспорттору тергөө иштери тарабынан мыйзамсыз, жараксыз деп табылды. Ал кыргыз жараны эмес. Ал Кыргызстанда төрөлгөн. Бирок кичинекей кезинде Орусияга көчүп кеткен экен. Ошол жактан паспорт алган», -дейт Абдиев. 

Нурбек Абдиевдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда быйыл 13, былтыр 19 чет өлкөлүк жаран чыгарылган.

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде Манас аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында Темировду депортациялоо чечимин сот кабыл алганын, ага чейин ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп, прокуратура да бекиткенин билдирген. Бул ишке өзүнүн жана УКМКнын тиешеси жоктугун айткан

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар, АКШнын Мамлекеттик департаменти да Темировдун депортацияланышын сындаган билдирүү тараткан.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму Болот Темировдун Орусияга депортацияланышын анын журналисттик ишмердүүлүгү жана жогорку деңгээлдеги коррупцияны иликтегени үчүн өч алуу катары айыптаган. Уюмдун башчысы депортация тууралуу чечим жокко чыгарылып, Темировго Кыргызстанга кайтууга жана журналисттик ишмердүүлүгүн куугунтуксуз улантышына уруксат берилиши керектигин белгилеген.

Анын жактоочулары Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрыларын билдиришкен. 

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*