Каалаган адамды отургуза бергидей жерби? Депутат Оштун мэри алмашканын сынга алды

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Ош жана Бишкек шаарларынын мэрин шайлоону элге берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин 30-ноябрдагы жалпы жыйынында билдирди. 

Эл өкүлү Ош шаарынын мэри алмашканын сынга алды.

«Аткаруу бийлиги калаа башчылыгына каалаганды коюп, каалаганды ала турган жерби? Ош шаарынын эли ушул күнгө чейин таза суусу, көгүлтүр оту жок отурат. Көптөгөн көйгөйлөр бар. Аткаруу бийлиги жакшы кадр кое албай жатса, келгиле анда Ош менен Бишкек шаарларына мэр шайлоону элге берели. Бир туруп муну, ары туруп аны алып барат. Бул эмне деген көрүнүш? Элди мазактаганыбы? Туура, Алмаз Ишенбековичти коюшту. Жакшы иштеп келе жаткан. Бирок иштери аягына чыкпай туруп, анын ордуна башка бирөөнү дайындап атат. Бир себеп болуш керекпи же жөндөн-жөн эле алмаштырып кое береби? Мындай болбойт, эл менен эсептешиш керек. Оштун көйгөлүү маселелери ушул күнгө чейин чечиле элек. Өзүңөр билесиңер, жамгыр жааганда эле таза суусу жок калат. Ушул күнгө чейин чечилген жок. Алмаз Мамбетов да мэрликте эки жылга жакын отуруп маселенин аягына чыккан жок», -деди ал. 

Президенттин 29-ноябрдагы жарлыгы менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кызматтан кетти. Анын ордуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бакытбек Жетигенов дайындалды.

Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, Ош менен Бишкек шаарларынын мэрин жана район акимдерин президент өзү дайындайт. Калаа башчылыкка талапкерлерге мыйзам менен квалификациялык талаптар жана чектөөлөр каралган. Ошондой эле,районду өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелерин комплекстүү чечүү максатында райондук кеңеш түзүлөт.

Таза суу көйгөйү

Ош шаарындагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суунун үзгүлтүккө учураганы. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат.

Таза суу маселесин чечүү үчүн калаа бийлиги ушул жылдын август айында 250 млн. сомдук тендер жарыялаган. Долбоордун негизги максаты нөшөрлөп жааган жаан жана суу ташкын мезгилинде үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу болууда. Анткени Ош шаарынын плотинасына чейин сел каналдары бар. Ушундан улам Ак-Буура дарыясы булганат. Бул долбоордун негизинде 2,4 чакырым кошумча суу линиясын тартуу каралган. Долбоордун мөөнөтү эки жыл, бирок ал ишке ашкан учурда да маселе 100%га чечилбейт.

2016-жылы шаардык бийлик элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн эки ири долбоорду ишке ашырууга аракет кылган. Ошол кездеги шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев баштаган жергиликтүү бийлик «Мындан ары жамгыр жааса да, таш жааса да калаада суу таңкыстыгы болбойт» деп убада беришкени менен аткарылган жок. Себеби, жер астынан чыгуучу суунун көлөмү болжолдонгон көлөмдөн аз болуп калган. Ошентип, ал долбоорлор ишке ашпай, элге пайдасы тийген эмес.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*