«Кемпир-Абад маселеси себеп болду». Медер Алиев комитет төрагалыгынан кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитетинин төрагалыгынан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Алиев комитет төрагалыгынан кетүү чечимин өзү кабыл алганын белгиледи. Бирок буга Кемпир-Абад маселеси себеп болду дейт.

«Өз каалоом менен арызымы бердим. Бул чечимди жеке өзүм кабыл алдым. Эч ким мени мажбурлаган жок. Буга Кемпир-Абад маселеси себеп болду. Бир жылдан бери комитетти жетектеп келдим. Бир нерсени так айта алам, колумду таза кармап, мыйзамдарды бузбай, коррупциядан алыс болуп татыктуу алып бардым деген ниеттемин».

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Алиевдин арызы күтүүсүз болгонун айтты.

«Медер мырзанын арыз жазышы абдан күтүүсүз болду. Мен өзү менен баарлашып, ишин улантышын сурандым. Бирок өзү чечим кабыл алыптыр», -деди төрага. 

Медер Алиев Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына «Ишеним» партиясынан депутат болуп келген. Ал Конституциялык кеңешменин мурдагы мүчөсү.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*