Ошто ак алтындын баасы арзан болууда. Видео

Быйыл ак алтындын баасы былтыркыга караганда 40-50 сомго арзан болууда. Ал чыгымдардарды жабууга араң жетет. Бул тууралуу Ош облусунун дыйкандары айтууда. 

Тыныбек Оморов Кара-Суу районунда үлүш жерине ак алтын эгип, 7,5 тонна пахта алган. Учурда аны заводко өткөрүп берип койгон.

«Акчасын ала элекмин. Анткени пахтанын баасы такталбай жатыптыр. Алдын ала маалыматтар боюнча килограммы 70-80 сомдон бааланат деген кептер айтылууда. Бул нарк өтө арзан. Күнүнө 1000-1200 сомдон акча берип тердирип жатканбыз. Карга калып кетпесин деп ордурттук. Ага гектарына 4000 миңден төлөдүк. Жер айдоону 6 миң деп атат. Дыйканга эч нерсе калбай жатат. Биз үй-бүлөбүздү кантип багабыз мындайда. Өкмөттөн бизге эч кандай жардам жок. Биз салыкты, суу алсак ага төлөп жатпайбызбы. Бизге пахтабыздын наркын карап берсе эле болду. Башка эч нерсе сурабай жатабыз», — дейт Тыныбек Оморов.

Өткөн жылы 1 кг пахта 120 сомго чейин баалаган. 

«Пахтанын баасы дүйнөлүк рыноктон көз каранды. Биз анын баасына түз таасир эте албайбыз. Кийинки жылы пахтанын айдоо аянттарын көбөйтүү планыбыз бар», — Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Данияр Батыров.

Бул жылы Ош облусу боюнча 9403 гектар айдоо жерине пахта эгилип, 32 миң тоннанын тегерегинде ак алтын жыйналган. Ал эми баасы боюнча жергииликтүү бийлик эч кандай чара көрө албасын билдирет. 

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*