Ошто 18 киллограмдан ашык баңгизат сатууга аракет кылган жарандар кармалды

Жалал-Абад облусунун 63 жана 54 жаштагы тургундары жалпы салмагы 18 киллограмдан ашуун маңзат сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. 

УКМК тараткан сүрөт

Кармалгандар атайын кызматтын Оштогу башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 27-ноябрда Ош шаардык соту алардын баш коргоо чарасын карап, камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*