
«Большая Рыбка» бассейнинин ордунда курулуш жүрүп атканын жана ал жерге үй түшүшү мүмкүн экендигин окурмандарыбыз биздин редакцияга билдирди.
Алар Ош шаарынын Сай-Бою көчөсүндөгү бассейндин ордуна жүрүп жаткан курулуш жана жердин берилип кетиши мүмкүн деген божолмолордун билдиришкен.
Биздин редакция бул маалыматтардын канчалык чын же жалган экенин текшерип көрдү.
Жер ижарада
Ош шаардык мэриясынын муницпалдык менчик башкармалыгы аталган бассейндин жери ушул жылдын июль айында ижирага берилгенин маалымдады.
«27-июлда өткөн комиссиянын чечими менен шаардын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан “Большая Рыбка” бассейнинин жалпы аянты 7966 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси конкурстук негизде бассейн үчүн ижарага берилген. Анда долбоорунун эскизинин бардыгы жана ижара акысынын көптүгү каралган. Жыйынтыгына 5 жылга 5 млн. 40 миң сомго Аскат Олжобаев деген жаранга ижара берилген», — деди шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлү Бекзат Жоошбеков.
Ал эми Ош регионалдык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы аталган курулушка эч кандай документ берилбегинин айтты.
«Үй курууга эч кандай уруксат берилген эмес. Берилбейт дагы. Ал жер муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында. Ижарага берилген болсо дагы бизден долбоорун бекитип, тиешелүү документтерди алуусу керек. Бирок, азыр бизден ал жерде курулуш кылууга эч нерсе алына элек», — деп билдиришти архитектурадан.
Мэриянын балансында
Мамлекеттик катоо кызматында аталган бассейдин ээси катары Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы көрсөтүлгөн. Анда 2021-жылы башка жаранда ижарада болгону белгиленген. Демек, «Большая Рыбка» бассейнини ижарага берилгени чын.
Мэриядан билдиришкендей, ал жерге көп кабаттуу үй эмес, кайрадан бассейн курулушу керек. Бирок, архитектурадан документтер алына элек.
Аскат Олжобаев деген ким?
Ачык булактарда аталган бассейнди конкурстан уткан Аскат Олжобаев «Бекстрой» ЖКСнын жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Ал 2015-жылы каттоодон өтүп, турак-жай жана турак-жай эмес имараттарды куруу менен алектене турганы жазылган маалымдалат.
Жыйынтык: Оштогу «Большая Рыбка» бассейнинин жери менчикке өткөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Жер тилкеси ижарага берилген.
Оставьте первый комментарий