Чыңгыз Айдарбеков: жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келем

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков ден соолугу боюнча пландаштырылган текшерүүдөн өтүү үчүн чет жакка кеткенин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал өзү үчүн кабатыр болгон жана колдоо көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирип, жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келерин билдирген.

«Бир нече күн байланышта болбогонумдун себебин сиздерге жеткирип коюуну чечтим. Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүнү өтүү үчүн чет жака чыгууга муктаж элем. Ал ортодо Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнүчүлүгү пайда болоор замат ушул кайрылууну жазуудамын. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем! Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келем», -деди Айдарбеков.  

27-ноябрда депутат Элвира Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ага чейин Сурабалдиева өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына депутат Айдарбеков менен Жамгырчиевди чек арада тажияга кетип бара жаткан жеринен өткөрбөй коюшканын, Эмил Жамгырчиевди УКМК алып кеткенин, ал эми Айдарбеков дайынсыз экенин жазган.

Кийин УКМК расмий маалымат таратып, Айдарбеков кармалбаганын, суракка да чакырылбаганын кабарлаган.

28-ноябрда «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу фракциянын жана парламенттин отурумдарына катыша албасын айткан. 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*