Исхак Масалиев Кумтөр боюнча депутаттык комиссиянын жетекчилигинен баш тартты

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, депутат мындан ден соолугуна байланыштуу баш тарткан.

28-сентябрда Жогорку Кеңеште «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. 

Анын курамына Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев, Максат Сарбагышев, Жусупбек Коргонбай уулу кирген.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*