
Өзгөн районунун Дөң-Булак айылынын тургундары 164 гектар жер менен 16 объект элге өткөрүлүп берүүсүн талап кылышууда. Бул маселе менен алар кечээ, 30-ноябрда Ош облустук сотунун алдына чогулушту.
Алардын айтымдарында ишкер мыйзамсыз документ жасап, социалдык объект бузуп, жерин сатып жиберген.
«1998-жылы акимдин 222-токтому менен бул жер мөөнөтсүз мезгилге мага берилген деп жатат. Бул жер меники деп жатат. Ошол эле 222-токтомдун негизинде сызылган картанын ичинде жол да турат, өкмөткө фондко алынган жерлер да турат. Айыл дагы ошол картанын ичинде турат. Демек ошол жердин баарына мен ээмин деген маселени көтөрүп атат. 164 жерди негиз кылып менчиктештирип учурда жолдун боюнда ресторан, май куюуучу жерлер курулуп кетти», — дейт нааразы тараптын жактоочусу Аматжан Усенов.
Нааразычылыкка чыккандар ал жаран аймактагы мектеп, бала бакчаны да ээлеп, жерин сатып жиберди деп даттанышууда. Мындан улам айылдагы окуучулар 5 чакырымга чейин жол басып окуп жатышканын айтышат. Чогулган эл социалдык объекттерди жана элге бөлүнүп берилиши керек болгон 43 гектар жерди кайтарып берсин деген талапты коюшту.
«Биз соц объекттерди, үлүш жерлерди алыш керек. Мамлекетти каалагандай алдап, өзүнүн билгенин кылып жүрөт», — дейт Мирбек Чолпонов.
Аты аталган Аттокур Бусурманкулов айтылган сөздөрдүн бирине дагы макул эмес. Ал социалдык обьекттерди менчиктештирбегенин, ал эми жердин документтери бардыгын кошумчалоодо
«Соц обьекттердин баары бар. Баары ордунда турат. Эч ким эч нерсени басып алган жок. Бала бакчалар ордуна турат. 2009-жылы бала бакчаны баары талап кеткенде Жогорку сотко чейин барылган. Ошол боюнча турат. 40 гектар бак болсо ал сатып алынган колунда документ бар», — дейт Өзгөн районунуе тургуну Аттокур Бусурманкулов.
Аталган жер 1998-жылы жергиликтүү бийликтин токтому менен Аттокур Бусурманкуловдун атына менчиктештирилген. Бирок буга элдин нааразычылыгы күчөгөндөн кийин, бул иштер боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы тергөө жүргүзүп райондук сотко берген. Райондук сот 1998-жылы кабыл алынган токтомду жокко чыгарып жерди баштапкы калыбына келтирүү чечимин чыгарган. Бирок Бусурманкулов бул чечимге макул болбой, Ош облустук сотуна кайрылган.
Жашоочулардын нааразычылыгын жараткан бул көйгөй 7-декабрь күнү Ош облустук сотунда каралмай болду.
Оставьте первый комментарий