Баткенде папилломага каршы эмдөө башталды. Айрымдар вакцинадан баш тартууда

Сүрөт: T-Media

Баткен облусунда өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы вакцинациялоо иштери башталды. Бирок эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер да бар.

Дарыгерлердин айтымында, Баткен облусунда 500гө жакын аял ракты козгоочу папиллома вирусуна кабылган. Айрымдары убагында дарыланбай, өлүмгө дуушар болгондору да бар. Иммунолог Уулжан Талканова өспүрүм кыздар илдетке каршы эмдөөдөн өтүшү керек дейт.

«Папиллома вирусун жуктурган аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгат. Рактын бул түрү өлкөдөгү аялдардын ракка кабылгандардын арасында экинчи орунда турат. Ошондуктан папилломага каршы эмдөөдөн өтүү зарыл». 

Рактын бул түрү 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдарда көп катталат. Облуста 11 жаштагы өспүрүм кыздар 1-декабрдан баштап эмдөөдөн өтө башташты. Ал үчүн жер-жерлердеги мектептерде ата-эне жана мугалимдерге алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Баткен шаары боюнча 12 ооруга каршы эмдөө жүрүп жатат. Баш тартуулар бар. Бирок башка жылдарга салыштырмалуу аз. Мындан тышкары бизде паппиломага каршы вакцина келди. Дарыгерлер айылдарды кыдырып, 11-14 жашка чейинки кыздардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн», -дейт Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун адиси Жылдыз Тагаева. 

Вакцина алууга каршылар да бар

Канчалык түшүндүрмө берсе да мындай эмдөөлөрдөн баш тарткандар бар. Аты-жөнүн айткысы келбеген Баткендин тургуну балдарын, жубайын, жада калса өзүн да вакцинанын кайсы түрү болбосун алуудан баш тартып келет. Ал эмдөөгө каршы экенин себебин интернет булактарынан жана тааныштарынан алган маалыматтарга, ошондой эле диний көз карашына байланыштырды.

«Мен бул вакцианага каршымын. Интернеттен окуган маалыматтарым боюнча, анын курамында спирт же башка нерселер болушу мүмкүн. Динге да каршы келет экен. Негизи өзүм да эмдөөдөн өтпөйм. Балдарыма да алдырбайм». 

Бирок дин кызматкерлери вакцинадан баш тартпоо керектигин айтып келет. Кыргызстанда биринчи жолу паппиломага каршы сайылып жаткан вакцинадан айрым ата-энелер кыздарын эмдетүүдөн чоочулап турушса, кээ бирлери такыр эле каршы. Бирок папиллома вирусу тууралуу билген ата-энелер да жок эмес. Баткен шаарынын тургуну Айчүрөк Тургунова оорунун кесепети жана вакцианын пайдасы тууралуу элге кеңири түшүндүрсө дейт.

«Биз илгертен эле алып келген вакцина экен. Медайымдар «ошонун катарында эле толукталып кете берет» деп түшүндүрүштү. Ооруларга, айрыкча аялдардын жыныс органдарындагы оор оору башталса, мунун натыйжасы жакшы болот экен».

Баткен облусуна папиллома вирусуна каршы вакцинанын 21 миңден ашуун дозасы келген. Биринчи жолу берилип жаткан вакцина АКШдан келген. Өспүрүм кыздар эки баскыч менен эмделет. Эмдөөнүн экинчи этабы 2023-жылдын май-июнь айларында берилет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, пландуу эмдөө келечекте жыл сайын жатын моюнчасынын рагына кабылган 600дөн ашуун учурдун жана 300гө жакын өлүмдүн алдын алат.

Папиллома вирусу деген эмне?

Папиллома вирусу — жыныстык жол менен жугуучу жана организмге кирсе, ар кандай ооруларды (айрыкча рак оорусун) пайда кылуучу инфекция. Анын 100дөн ашык түрү бар, көбүнчө (30дайы) жыныстык жол менен жугат.

Инфекция жөнөкөй эле бирөөгө тийип койсоң деле жугуп калышы мүмкүн. Бассейн, даараткана, мончо сыяктуу жерлерде бир нече убакытка чейин жашай алат жана адамдын денесиндеги жара, кесилген жерлер аркылуу кирип кетет.

Эпиляция же сакал алуу учурунда адам өзүнө өзү жуктуруп алуу ыктымалдыгы да бар. Ошондой эле жаңы төрөлгөн ымыркайлар төрөт учурунда папиллома вирусун жуктуруп алышы мүмкүн.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*