Шектүүлөрдү жазадан куткарган психиатриялык оорукана. Иликтөө

«Ири суммадагы АКШ долларын психикалык жактан ооруган адам көтөрүп жүргөн» десе ишенет белеңиз? Ушунча каражатты, өлкөдө тыюу салынган баңгизаттарды ташыган жаран бир заматта жинди же писихикалык жактан оорулуу болуп калышы мүмкүнбү?

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен облусунда ири суммадагы каражат, чоң көлөмдөгү бангизатты алып бара жаткан жарандарды кармаган. Ал үчүн убакыт, андан сырткары бир канча ресурстар колдонулса керек. Бирок ушунча аракеттин, эмгектин баары бир заматта  жокко чыгып, «Кылмыш жасаган жаран психологиялык жактан оорулуу» деген корутундунун негизинде Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык республикалык ооруканага жаткырылган. Ал азырынча жазадан ушундай жол менен кутулуп олтурат. Биз сөз кылып жаткан жаран чынында эле ооруп калдыбы же кандайдыр бир ыкмалар менен ооруканага жаткырылдыбы? Биз ушул жагдайларга кызыктык.

Көрсө биз сөз кылып жаткан жаранга соттун чечими чыгып, ал даарыланууга баруусу керектиги көрсөтүлүптүр. Мындай чечим менен келгендердин саны жүзгө чукул экенин оорукананын башкы дарыгери Нуржамал Тешебаева ачыктады.

«Бүгүнкү күндө мажбурлап дарылануудан өтүү үчүн келгендерге 100 керебет даярдалган. Азыркы учурда жүзгө жакын оорулуу жатат. Булардын баардыгы акыркы жолу СИЗОдо жаткан бейтаптар. Мисалы, Нарын же Чүй облусундагы жаткандар бар. Ошолор да бизге келип атат», -дейт Тешебаева. 

«Акыл-эси соо» деген бүтүм чыккан

Негизинен кылмышка аралашкан жарандар сөз болгон ооруканага экспертизага таянып тергөөчү корутунду чыгарганда же экспертизанын кортундусуна таянып сот чечим чыгарган учурда гана жатып дарыланууга жол ачылат. Жогоруда оор кылмышка айыпталып, соттун чечими чыккан жаран Ош облустук психиатриялык ооруканасынын эксперттеринин кортундусунун негизинде, кайра эле соттун чечими менен келип жаткан. Бирок Кызыл-Жар шаарчасындагы оорукана текшерүү өткөрүп, «Акыл-эси соо» деген бүтүмгө келген. Эки ача бүтүмдөн кийин эл оозунда жиндикана же психиатриялык ооруканалар кылмышкерлер үчүн жазадан куткарып чыгуучу жайга айланган деген сөздү бышыктагандай ойго алып келет. Республикалык психиатриялык оорукананын дарыгери Чынара Кошалиева бул таттаал процесс экенин айтат.

«Соттун токтому биз үчүн мыйзам. Аны аткарууга милдеттүүбүз, укуктуубуз. Бир адамга бир эле жолу экспертиза жүргүзүлбөйт. Бул узак процесс. Бир адамга кээде эки же үч жолу соттук-медициналык экспертиза дайындалат. Себеби дегенде анын ден соолугу, психологиясы өзгөрүп турат да. Эртеңки күн үчүн эч кимге кепилдик бере албайт. Ошондуктан биздин биринчи бүтүмүбүз кийин балким СИЗОдо жатканда өзгөрүп калгандыр. Балким ошондо ооруп калгандыр. Аны Оштун эксперттери жооп берет. Себеби ар бир эксперттик комиссия өзүнүн корутундусун бергенге акылуу. Биз башка корутундуга мүнөздөмө бере албайбыз». 

№2 республикалык психиатриялык ооруканасы 2022-жылдын 30-майдагы №23 сандуу корутундусуна ылайык, айыпталуучуну акыл-ээси соо жана мажбурлоо түрүндө дарылоого муктаждыгы жок экендигин аныкташкан. Эми ушул жерде «Өздөрү кортундусунда айткандай соо адамды кантип даарылап жатышат?  Мажбур түрдө даарыласа анын ден-соолугуна терс таасирин бербейби? Дегеле соо адамды кармап туруу канчалык мыйзамдуу? » деген суроолор пайда болот.

«Ал адамга карата соттун чечими бар да. Алар «Оорукчан, азырынча даарылансын» деп бизге жөнөтүп атат. Биз ошонун негизинде даарылап атабыз. Биздин «таза» деп чыгарган корутунудубуз менен тааныш эмес экем. Карап чыгышыбыз керек», -дейт №2 республикалык психиатриялык ооруканасынын жетекчисинин орун басары Бейшеналы Эргешов.

Эксперттер чыгарган чечимдери  үчүн жооп беришеби? Кылмыш жаза кодексинин 115-беренесинин 3-пункутунда «Кылмышты акыл-эси соо абалда жасаган, бирок өкүмдү чыгарганга чейин же жазаны өтөп жатканда жин оорусу менен ооруган же убактылуу психикасы бузулуп калуусу да мүмкүн» деп көрсөтүлгөн.

Ооба, эркиндикте жүргөн адам камака түшкөндө ар кандай жагдайга кабылышы толук мүмкүн. Бирок эксперттер кандай ыкмалардын негизинде оорулуу адамдарды аныктайт? Суроонун баары мына ушул жерде турат.

«Негизи психиатриялык-экспертизада эгерде баңгизат колдонууга шектелип жатса, анда кандан алганга болот. Психикалык жактан ооругандар менен дарыгерлер сүйлөшкөндө эле билинет. Сөзүнөн, кыймыл аракетинен чыгат. Отуруп алып биз менен сүйлөшүп аткандай белгиде болот. Терапевтердин кеңешинен, кыскасы бардык текшерүүдөн өтөт», -дейт Ош облустук психиатриялык ооруканасынын жетекчиси Абдурахман Өмүрзаков.

Иликтөөдө айтылып жаткан жарандын кылмыш кылып колго түшкөнгө чейинки абалы жөнүндө Баткендеги айылдаштарынан сураштырдык. Алар деле эч кандай жагдайларды байкашпаганын айтышты.

«Кем сөз киши эле. Бир-эки жолу футбол ойногонбуз. Бирок ал ойнободу. Андан чыгып бир жерде чай ичтик. Азыр эстесем, карамлагандан үч күн мурун чогуу отурган экенбиз. Кызыл-Кыяда жүрөт элем. Кармалды деп уктум». 

«Айылдашым, кесиптешим болот. Бирок сырттан тааныйм. Жумуш мезгилинде өзүн жакшы кармаган, оор басырыктуу киши болчу. Жашоо-шарты өтө жакшы, балдарын баарын окуткан. Колу ачык эле, мумкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган карыларга жардам берип турчу. Айылдагы  мечиттин курулушуна акча да берген».

«Корутундулар акчага бааланат»

Бирок катардагы жарандардын пикири медициналык-экспертизанын кортундусуна карама-каршы дегенди билдирбей турганын кошумчалайбыз. Анткени дартын адистер аныкташкан. Биз  болгону иликтөө үчүн гана алардын пикирин алдык. Бирок көпчүлүк сот процесстеринде экспертизанын кортундулары соттун чечимине негиз болот. Юрист Алтынбек Токтосунов бул жерде күмөндүү жагдайлар бар экендигин, системаны токтотуу оор экендигин айтат.

«КРнын түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү эки топко бөлүнүп, өздөрүнүн таасирин күчөтүү максатында бири-бирине согуш жарыялаган. Анын мааниси кандай? Бири-бирине буйрутма адам өлтүрүүгө аракеттерди жасашкан. Ошолордун натыйжасында бир жаран үйүндө отурган кезинде алар кирип келип, өздөрүнүн тилинде «разборка» болуп атып кеткен. Бирок ал өлбөй калган. Ошол өлбөй калган УКТнын мүчөсү өзүнүн балдарына буйрутма берип, экинчи тараптагы кишини спортзалдан чыгып кетип жатканда атышат. Бирок денесине беш ок тийип, ал да өлбөй калат. Аны аткан кишинин өздүгү аныкталып, такталып, кармалып, анан тергөө учурунда соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Анда комиссиянын корутундусуна ылайык, бир жакшына жүргөн адамга «акыл-эси соо эмес» деген корутунду чыгат. Ал Кызыл-Жарга жатып, ошол жерден кутулуп кеткен. Бардыгы келип акчага такалат. Бул демилге кармалган адамдан чыгат. Анан тергөө органы болобк же прокуратура болобу экспертизанын жыйынтыгы менен ушул иштер ишке ашат», -деди Токтосунов.

Өкмөттүн 2018-жылдагы № 296 сандуу токтомунда кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө атайын чечими чыккан. Дал ошол оорулардын  тизмесинде психикалык бузулуулар да бар. Бирок айрым учурларда чыныгы ооруп калган  жарандарды камакка калтыруу чечимдери чыккан көрүнүштөр ондоп, балким жүздөп саналат.

«Жогоруда акчага баалана турган нерсе деп айтып кетпедимби. Анткени эксперт тиги тараптын баалоосундай корутунду чыгаруу үчүн өздөрүнүн бааларын айтышат. Эгерде алардын чыгарган корутундусу тергөөнүн же башка бир амалдардын жүрүшүндө туура эмес чыгып калганы аныкталып калган болсо, эксперттердин жоопкерлиги бар. А бирок ал үчүн 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин эле айыппул салынат. Эми элестетиңиз, ал жерде өтө чоң сумма менен бүткөн нерсеге 100 миң сом эмне болуп калыптыр. Айыппулду төлөп чыгып кеткен адам эртеси кайра эле ошол ишинде иштей берет. Себеби мамлекеттик кызматтарда иштеш үчүн болгону соттуулугу болбош керек», -дейт юрист Алтынбек Токтосунов. 

Аялдар бөлүмү жоюлуп, соттун чечими менен келгендерге жай көбөйгөн

Эми ооруканадагы башка көйгөйлөр жөнүндө сөз кыла кетели. Бейтапкананын жетекчиси мындан бир канча ай мурун алмашкан. Атын атагысы келбеген жергиликтүү тургундардын бири азыркы жетекчиге нааразы экенин билдирди. Ал аялдар  бөлүмү жоюлуп, аталган бөлүм кайрадан эле соттун чечими менен келгендерге ылайыкташтырылып, катардагы оорукчан айымдар үчүн орундуктар жетишсиз болуп жатканын айтат. Мындан улам бир тууган эжесин бир жылдан бери жаткыра албай жүрөт.

«Эжем психикалык жактан ооруйт. Бирок ооруканага бир жылдан бери жаткыра албай жүрөм. Орун жок деген жоопту угам», -дейт жергиликтүү тургун. 

Бүгүнкү күндө №2 республикалык психиатриялык ооруканада ар кандай кылмыштарга тиешеси бар токсондон ашык жаран дарыланууда. Кылмыш жасаган жарандар үчүн атайын бөлүм кеңейтилип жатканынын сыры эмнеде экени белгисиз. Кызыл-Жар шаарчасындагы ооруканада мындан башка да толгон токой көйгөйлөр бар. Бул убакка чейин ооруканадан бейтаптар качып чыгып кеткен көрүнүштөр да орун алган. Бирок качып кеткен жарандар үчүн кимдир бирөө жоопкерчилик алдыбы жокпу ал жагы белгисиз.

«Анын кандай болуп качып чыкканын биз биле албайбыз. Себеби ачкыч күзөтчүдө эле. Бул жерде өзүнчө палата кылып бергенбиз. Өздөрү ачып, өздөрү киргизишчү. Булар кайсы учурда качканын байкабай калган. А биз буларга ишенип байкаган эмеспиз. Кийин кармалып, соту болуп Чын-Коргонго которулду», -деди оорукананын дарыгери Анара Дүйшөбаева. 

Бул жердеги бейтаптарды Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кайтарып, көзөмөлдөп турушат. Бул канчалык туура? Анткени Жаза аткаруу мекемесинен которулуп келген жарандар кооптулук жаратышы турган иш. Биз Таш-Көмүр шаардык прокуратурасына кайрылып, бул убакка чейинки психиатриялык ооруканада болгон пландуу жана арыздын негизиндеги текшерүүлөрүнө кызыктык. Прокурор Бактыбек Кетрановдун сөзүнө караганда, акыркы он ай ичинде даттануу же арыз келип түшпөптүр.

«Кызыл-Жардагы оорукана боюнча Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы тарабынан текшерүүлөр регулярдуу түрдө жүргүзүлүп турат. Мындан сырткары ал жерде күтүүсүз текшерүүлөр да болот. Мыйзам бузуу аныкталганда прокурордук акт, сунуштама берилет. Учурда ал жерде тийиштүү маселелер каралууда. Ошон үчүн ал жерде милициянын кайтаруу бөлүмдөрү жүрөт. Ал эми оорукананын жобосунда ал жерди Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери кайтарыш керек. Азыркы учурда өкмөттүн материалдык жактарына байланыштуу милиция кызматкерлери көзөмөлдөөдө. Ошол себептен биз Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуштама бердик. Алар Ички иштер министрлиги жана ЖАМК менен сүйлөшүп, ички маселелерди чечиши керек». 

Кыргызстанда сотторго, укук коргоо органдарына, медициналык  эксперттерге нааразы болгондордун саны жүздөп саналат. Бири-бири менен чырмалышкан система аркылуу жоопкерчиликти кайсыл бирине жүктөө кыйын. Соттор эксперттерге, эксперттер сотторго жоопкерчиликти түртө салышат. Өздөрү чыгарган чечимдерин соттор экспертизанын кортундусуна байлашат. Бирок ошол эле учурда соттордо кайрадан экспертиза дайындаганга мүмкүнчүлүгү бар да. Тагыраагы, күмөн жараткан жагдайларды кайрадан текшертүүгө толук укуктуу.

Биз бул иликтөө материалыбыз менен жоопкерчиликти жеңилдеткен, жада калса жазадан кутулууга жол ачкан жиндикана жана ал жайга баруучу жашыруун жолдорду ачыктаганга аракет жасадык. Бул сыяктуу  атайын түзүлгөн системага мамлекет тарабынан тыкыр көзөмөл жүрүшү керек. Антпесе сотторго, эксперттерге болгон ишеним эл арасында түп  тамыры менен жоголушу толук мүмкүн. Анын кесепетин мамлекет да, эл да тартаары талашсыз.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*