Араван районунда көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндө «Aravan Сity»турак жай комплексинин курулушу башталды.

Бүгүн, 3-декабрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда алгачкы көп кабаттуу үйдүн пайдубалына капсула салынды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, 5 гектар аянтка 1200 батирге ылайыкташкан 9 кабаттан турган 8 көп кабаттуу үй курулат.

Демилгени Зиядин Жамалдинов көтөрүп, үйлөр инвестор жана Алля Анаров айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен курулат. Айланасына бала бакча, мектеп, спорт зал сыяктуу социалдык объектилер курулуп, таза суу, жылуулук системасы, жаратылыш газы менен камсыз болот.

Долбоордун алгачкы этабы 2 жылда бүткөрүлүп, батир алууну каалаган жарандарга бөлүп төлөө шарты менен сатылат. Ал эми, мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык негизде берүү маселеси каралууда.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*