Баткен: чек арада жарандар арасында чыр чыкты

Сүрөт: Чек ара кызматы

Бүгүн, 3-декабрда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр катталды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын Сомониен айылы аркылуу Дахма айылына Кыргызстандын жараны өтүп бара жаткан учурда Тажикстан жарандары ага орой сөздөрдү айткан. 

«Жыйынтыгында алар уруша кетип, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр-чатак курчуп кетпеши жана топтолгон эл тарашы үчүн Кыргызстандын жараны аңчылык куралынан асманга үч жолу эскертүү иретинде ок чыгарган» — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуянын себептерин тактоо үчүн Баткен жана Исфара тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуу өтүүдө.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*