Бишкекте «Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форуму өтөт

9-декабрда Бишкекте «Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу  Инвестициялар агенттиги билдирди.

Форум айыл чарба, туризм жана жеңил өнөр жай тармагындагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду куруу, жаңы бизнес байланыштарды түзүү жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууга аянтча болот.

«Делегациянын кеңири курамын эске алуу менен ата мекендик ишкерлерге Өзбекстандын бизнес секторунун өкүлдөрүнүн арасында өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берилген», — деп айтылат улуттук инвестициялык агенттик тараткан маалыматта.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*