Жалал-Абадда жаңы жылдык балаты орнотула баштады

Жалал-Абад мэриясы жаңы жылга жасалгалоого 800 миң сом коротот. Учурда балаты орнотуу иштери башталды. Анын бийиктиги  27 метрди түзөт.

Шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, балатыны, «Эркиндик» аянтын жана шаар көчөлөрүн кооздоо үчүн бул жылы жергиликтүү бюджеттен 817 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. 

Былтыры Жалал-Абад мэриясы балаты орнотууга 1 миллион сом ажыраткан. Бул 2021-жылга караганда 350 миң сомго аз болгон.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*