Президент: Мамлекет ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жашоо-шартын өзгөртүү менен алектенип келет

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата кайрылуу жасады. Анда аларга колдоо көрсөтүү жана муктаждыктары менен көйгөйлөрүнө көңүл буруу жаатында бир катар иш-чаралар өткөрүлүп жатканын белгилеген.

«Мамлекет бүгүнкү күндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 200 миңге жуук адамдын жашоо-шартын сапаттык жактан өзгөртүү менен алектенип келет. Ошондой эле майыптуулугу бар адамдардын коомго толук кандуу кошулуусу үчүн бир катар артыкчылыктар коштолгон жаңы милдеттерди ишке ашыруу багытында дагы ой-максаттар бар. Биз ар түрдүү социалдык төлөмдөр түрүндөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо саясатынын активдүү чараларына өтүү түшүнүгүн калыптандыруубуз жана өөрчүтүүбүз керек. Коомчулук болсо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көмөк көрсөтүү эң алды менен адамдык асыл сапат экенин аң-сезими менен сезип-туя билиши абзел. Майыптуулугу бар адамдар билим алууга, саламаттыгын сактоого, социалдык жактан камсыз болууга, эс алууга, спортко жана жумушка орношууга муктаж. Маданий жайларга баруусун шарттагандан сырткары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын өз жанын өзү багуусуна керектүү шарт түзүп берсек, аларга коомго пайда келтирүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенин сездире алабыз. Арабызда кыйынчылыктарга моюн сунбай, өзгөчө өнөрлөргө ээ, турмушта чоң ийгиликтерге жетишкен эрки күчтүү жарандарыбыз да жок эмес. Мындай жарандар мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине карабастан, бактылуу турмушка жетише аларын далилдеп келишет», — деген өлкө башчы.

Жыл сайын 3-декабрда Эл аралык ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленет. Бул күн алардын муктаждыктары тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 200 миңге чукул.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*