Баткенде социалдык жактан муктаж 10 үй-бүлөгө батирлер берилди

Баткен районунун Ак-Сай айылында социалдык шаарча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен райондук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш 1 жыл мурун башталган. Аны Бириккен Араб Эмираттарынын «Human Appiel International» уюму каржылаган.

Социалдык шаарча 12 турак үйдөн, алардын ар бири 4 батирден турат. Аларда жашоо үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлгөн. Алдыда  шаарчанын айланасына ФАП, балдар бакчасы, тигүүчү цех жана мечит салуу пландалган. Ошондой эле таза суу линиясы тартылып, ар бир үй таза суу менен камсыз кылуу каралган.

Аталган обьект багуучусу жок, турак жайы жок балалуу аялдарга кайтарымсыз берилген.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*