Жалал-Абадда жаңы ачылган муниципалдык базарда орундар жең ичинен сатылып жатабы? Видео

Жалал-Абад шаарында жаңы ачылган муниципалдык базарда соода түйүндөрү жең ичинен сатылып жатат. Мындай билдирүүнү базарда иштегендер жана соодо түйүнүн алууну каалгандар билдиришүүдө.

Орундарга элдин кирип-чыгуусу жакшы жерлерге карап 40 миңден 500 миңге чейин баа коюлган учурлар бар.

«Базар ачылайын деп калганда 250 миң болду. Мэр келип ачкандан кийин 350 миңге көтөрүлдү», — дейт сатуучулардын бири.

Бийлик өкүлдөрү мындай көрүнүштөр мыйзамсыз экенин буга чейин бир канча ирет эскерткенин айтышууда. Ага карабай соода күркөлөрүн тымызын саткандар жоюлбай келет. 

«Базардагы соода түйүндөр элге бекер берилген. Биз бир адамга орунду бөлүп бергенбиз. Алар өздөрүнүн каражатына бүтүрүп алышат. Анан эми кээ бирлери сатабыз деп жатканы боюнча сөздөрдү угуп жатабыз. Мен орундарды сатып алабыз дегендерге кайрылат элем, анткени биз бир эле адамга бергенбиз алар менен келишим түзүлгөн. Саткан болсо да документ бере алышпайт да. Ошого сатып алуучулар болсо мыйзамсыз болуп калат», — дейт Керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору  Курманбек Исмаилов.

Муниципалдык базар 1000ге жакын соода түйүнгө ылйыкташкан. Азыркы күндө алардын дээрлик баарынын ээлери бар. Бирок көпчүлүк соодагерлер орун алган менен толук ишин баштай элек. Мындан улам базарга элдин келүүсү да аз. 

Мындан эки ай мурун Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базар ачылган. Анда калаа бийлиги борбордук базардын айланасын иретке келтирүү үчүн жол боюндагы соодагерлерге атайын жаңы базардан соода күркөлөрүн бекер бергенин маалымдаган. 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*