Коюу тумандан улам Ош-Бишкек каттамдары жылдырылды

«Ош» эл аралык аэропортунда коюу туман байкалгандыктан каттамдар аба ырайы жакшырганга чейин жылдырылды.  Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди. 

Туруксуз аба ырайына байланыштуу эртең мененки 7:40тан баштап айрым ички авиакаттамдардын графиги да өзгөргөн:

  • Ош-Бишкек (132) каттамы 7:45тен 11:40ка;
  • Ош-Бишкек (106) каттамы 8:40тан 11:50гө;
  • Ош-Бишкек (178) каттамы саат 10:40тан 12:30га жылдырылды.

«Манас» эл аралык аэропортунан Ош шаарына ички каттамдар аба ырайы жакшырганга чейин жылдырылууда.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1345 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*