Быйыл тогуз айда 7 миң тонна алма, 22 миң тонна картошка экспорттолду

Жыл башынан бери 9 айда чет өлкөгө 26 млрд 907 млн сомдук өсүмдүктөр эскпорттолду. Анын 667 млн сому картошка, алма, төө буурчак, капуста экспорту. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди. 

Жалпы 22 миң 530 тонна же 414,8 млн сомдук картошка Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Грузия өлкөлөрүнө экспорттолгон.

Ошондой эле:

  • 1 694 тонна төө буурчак Орусия, Казакстан жана Арменияга;
  • 9 210 тонна капуста Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Монголияга;
  • 7 370 тонна алма Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Беларусияга эскспорттолду.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*