Кыргызстандык Даун синдрому бар балдар Түркиядагы олимпиадада 5 медаль утту

Түркиянын Анталия шаарында олимпиадада Кыргызстандан барган Даун синдрому бар балдар 5 байге утту. Бул тууралуу «Сантерра-Юг» борбору билдирди. 

Кыргызстандан өзгөчө балдар биринчи жолу чет өлкөдө олимпиадага катышып жатат. Чемпионатта алар жеңил атлетика боюнча 2 алтын, 2 күмүш, 1 коло байгени багындырды.

Олимпиада 4-декабрда башталып, ага Кыргызстандан 5 бала барган. Андан сырткары чемпионатка түрк тилдүү Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркия өлкөлөрүнөн майыптуулугу бар, бирок менталдык жактан өзгөчөлөнгөн балдар катышууда.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1462 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*