Футбол чемпионатындагы кыргыз кызы: 20 миңден ашуун ыктыярчы тартылды

Биринчи жолу араб өлкөсү өткөрүп жаткан футбол боюнча чемпионат дүйнө дүрбүсүндө турат. Катардагы чемпионат тарыхтагы эң кымбат оюндардын бир болуп калууда. Ага 2,5 млн. билет сатылып, 220 млрд. доллар жумшалган. Аталган чемпионатка келгендер дагы деле токтой элек. Анткен менен баарынын эле футбол чемпионатына катышуу кыялдары орундалган жок. Кыргызстандык Айпери Курманбекова дал ошол максатына жетип, өз кыялын орундаткандардын бири. 

Саламатсызбы? Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз?

Атым Айпери. 30 жаштамын. Кесибим боюнча юристмин. Кыргызстандагы  юридикалык академияны бүткөм. Акыркы үч жылдан бери Катардын аэропортунда дьюти-фри бөлүмүндө иштейм.

Дүйнөлүк футбол чемпионатына кантип барып калдыңыз? 

Футбол чемпионатына Катар бир нече жыл даярданды. Бул өтө чоң иш-чара болгондуктан аны уюштуруу да, тейлөө да оңой эмес. Уюштуруучулар 2018-жылдан тартып эле  ыктыярчыларды ала турганын билдирип,  арыздарды кабыл алып баштаган. Мен ошентип курбу кыздарым менен барып катталгам. 

Кандай талаптар болду?

Негизги талаптарынын бири англис тилин жакшы билиүү жана чын дилден жардам берүүгө даяр болуш керек. 20 миңден ашык ыктыярчы ар кайсы тармактарга бөлүндү. Айрымдар оор жүктөрдү ташууга жардам бергени, кээ бири конокторду тосуп алып, мейманканасына салып жибергени, дагы бири туристтерге жол көрсөтүп берүүгө бөлүнсө, бир бөлүгүбүз стадиондордо келген күйөрмандардын орундуктарын таап берип, аларды жайгаштырып, адашып кетсе жардам берип иштемей болдук. Мен стадионго бөлүндүм. 

 

Сиздерде футбол көрүү мүмкүнчүлүгү болобу?

Стадиондор өтө эле чоң. Футбол оюндары 8 стадиондо өтөт. Алардын ар бири 40 миңден 80 миңге чейинки кишиге ылайыкталган. Андыктан күйөрмандар өз орундуктарын таап отурган соң, бир аз бошоп, оюнду көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Катарда жашоо үчүн кандай шарттар түзүлгөн?

Шарттар абдан жакшы. Иштеген компания коопсуздукка катуу көңүл бурушат. Ооруп калсаң дары дармектен бери камсыздап беришет. Жумушка баарыбызды атайын унаа менен алып барып, унаа менен алып келет. Алган айлык маянабыз да жакшы. Жаңы келгенде  бир аз аба-ырайына көнүш кыйын болду. Жайында өтө ысык болуп, күн 55 градуска чейин жетет. Эшикке чыгып сейилдөө мүмкүн болбой калат. Азыр көнүп калдым. Ар бир ийгилик аракеттен турат деп ишенем. Канчалык көп аракет жасасаң, көп эмгектенсең ошончолук көп жаңы мүмкүнчүлүктөр дагы ачылат. Андыктан аракет кылгандан тажабагыла демекмин. 

Автор Максат Боронбаев 52 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*