Балдарынын бири 18 жаштан кийин соттолсо да «Баатыр эне» орденин берүү сунушталды

“Баатыр эне” орденин балдарынын бири бойго жеткенден кийин соттолгон энелерге да берүү сунушталып жатат. Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө жарлыктын мындай өзгөртүү сунушталган долбоору президенттин сайтына жарыяланды. 

Учурдагы жарлык боюнча “Баатыр эне” ордени 7 же андан көп баласы бар энелерге берилет. Бирок балдарынын биринин соттуулугу болсо ал жаран бул сыйлыкты ала албайт. Себеби сыйлыктын критерийлеринде, орден балдарын татыктуу тарбиялаган, алардын ден соолугу, билими, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө талаптагыдай камкордук кылган энелерге берилери жазылган.

18 жаштан кийин ата-эне баланын жүрүм-турумуна жооп бербейт

Жаңы долбоордун авторлору ата-энелер балдарына камкордук кылууну бала он сегиз жашка толгондо токтоткондуктан, алардын бойго жеткенден кийин жасаган жоруктарына жооп бербей турганын белгилеген. Мындан улам, бала 18 жаштан кийин соттолгон болсо, анын жети балалуу энесин сыйлыктан четтетпөө сунушталды. Ал эми, баласы жашы жете электе соттолгон энелер мурункудай эле сыйлыкка көрсөтүлбөйт.

Орденди кимдер ала алат?

“Баатыр эне” ордени биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктардын катарына кирет. Орден жетинчи бала бир жашка толгондо жана башка балдары тирүү болгондо ыйгарылат. Бирок балдары мекенди коргоп, адам өмүрүн сактап калып же укук тартибин камсыз кылып жатып курман болсо алардын энеси сыйлыктан четтетилбейт.

  • Мыйзамдуу түрдө бала асырап алгандар да асырап алганына 3 жылдан көп убакыт өтсө жана багып алынган балдары чогуу жашаса бул орденге көрсөтүлө алат.

1992-жылдан бери “Баатыр эне” орденин 39 миңге жакын адам алган. Анын ичинен 117 адам пенсия алууга укугу жок болгондугуна байланыштуу, социалдык жөлөк пул алышат. “Баатыр эне” орденинине ээ болгондордун саны жогоруда белгиленген чектөөлөрдөн улам, көп балалуу энелер мындай мамлекеттик сыйлыкты ала албай келген.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*