Башкы прокуратура Жамгырчиевди актаган сот чечимин жокко чыгарууну өтүнүп жатат

Башкы прокуратура Жогорку сотко парламент депутаты Эмил Жамгырчиевди актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн келтирди. Бул тууралуу «Т-Медиага» башкы көзөмөл органдын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди. 

Анын сөзүнө караганда, өтүнүч бүгүн, 6-декабрда жөнөтүлдү. Мунун себебин ал Жамгырчиевге карата жаңы ачылган жагдайларга байланыштырды.

2020-жылдын октябрь айында Эмил Жамгырчиев пара алууга шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылы анын иши Биринчи май райондук сотунда каралып, акталган. Райондук соттон Жамгырчиев казынага 20 млн сом төлөгөнүн билдиришкен.

Эки депутат чек арада кабылган окуя

Парламент депутаты Эмил Жамгырчиев 27-ноябрга караган түнү кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы билинген. Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева билдиргендей, Жамгырчиевди УКМКнын өкүлдөрү кармап, кайра кое берген.

Кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Т-Медиага» Эмил Жамгырчиев боюнча маалыматты тастыктап, Айдарбеков эч кандай суракка алынбаганын билдирген. Атайын кызмат белгилегендей, депутат Казакстан менен чек арадан өткөн.

Эске салсак: Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген. Каршы добуш бергендердин катарында Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков болгон.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*