
29 млн. сомдук жер тилке Ош шаарынын балансына кайтарылып, мэриянын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэриянын жооптуу кызматкерлери 2021-жылы Ж.С. аттуу жаран менен алдын-ала сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анын негизинде 29 млн. 559 миң 600 сомдук жер тилкесин көп кабаттуу турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берип жиберишкендиги аныкталган.
Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан мэриянын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337- беренесине (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) ылайык кылмыш иши козголду.
Мындан сырткары, прокуратуранын талабынын негизинде аталган жер тилкеси Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылган.
Оставьте первый комментарий