
Ош шаарында үч көчөгө тротуар басылбай калып кетти. Калаа бийлиги муну суук түшүп кеткени менен байланыштырууда.
Курулуш тармагына жооптуу вице-мэр Жасур Азимовдун айтымында, тротуарларды жаңылоо иштери Курманжан-Датка, Ленин жана Момунова көчөлөрүндө үзгүлтүккө учурады. Ал кечеңдөөнүн дагы бир себеби катары, ошол аймактардагы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү кыйынга турганын айтат.
«Негизи 18 көчөгө тротуар басылмак. Бирок суук түшүп кетип, физикалык жактан жетишпей калдык. Элде «Эмнеге кышка чейин бүтүрүүнү пландашкан жок? Эмнеге эсепке албадыңар?» деген суроо жаралышы мүмкүн. Эки үч айда бүтүрөбүз деп эсебин алганбыз. Бирок ошол көчөлөрдө мыйзамсыз чыгып кеткен курулуштар бар эле. Ошолорду сүрдүрүү иштери артка тартып койду. Кечээ жумушчу топ менен сүйлөшүп, куруу иштерин токтотуп турууну айттык. Анткени биринчи кезекте сапатка көңүл буруш керек. Азыр суукта асфальт төшөлсө, талкаланып кетет экен. Ошого жазда улантмай болдук. Жерди даярдап, үстүнө шагыл төгүп койдук. Ылай болуп, элге ыңгайсыздык жаратпайт», -дейт Азимов.
Тротуар жылы
2022-жыл Ош шаарында «Тротуар жылы» деп жарыяланган. Июль айында 38 көчөгө жөө адамдар басуучу жаңы жолдор салына башталган. Ага жергиликтүү жана республикалык бюджеттен дээрлик 180 миллион сом каражат бөлүнгөн. Бирок курулуш материалдарынын жана күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу бул суммага 16 гана көчө оңдолуп жатат. Дагы эки көчөнүн тротуарлары демөөрчүлөр тарабынан жаңыланды. Жергиликтүү бийлик алардын сапаты тыкыр текшерилип андан соң өткөрүп алынат деп ишендирүүдө.
Жаңы салынып жаткан тротуарларга асфальт басылды. Адистер мындай ыкма брусчаткага салыштырмалуу сапаттуу келип, бир топ жылга чейин жакшы турат дешүүдө.
Оставьте первый комментарий