Сузакта 1 жер тилке эки адамга берилген. Алар беш жылдан бери соттошууда

Жалал-Абадда жер тилке бир эле учурда эки жаранга берилип калган. Экөө тең тийиштүү документери бар экенин айтышууда. Алар 2017-жылдан бери соттошуп келет.

Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүндө 6 сотых жердин учурда эки ээси бар. 2009-жылы аталган айыл өкмөт тилкени Анипа Якуповага берүү боюнча токтом чыгарып берет. Ошол токтомдун негизинде 2012-жылы мамлекеттик акт түзүлүп, катталат.

«Буйрук бар. Арыз бар. Облустук архивден чыккан. Долбоорубуз каттоодо турат архитектурада. Код менен мамлекеттик акт бар. 1980-жылдан бери жашасак, дагы кандай далил керек», — дейт Анипа Якупованын сиңдиси Мавлюда Абдрахманова.

Жердин дагы бир ээси  Ноокен районунун тургуну Өмүрбек Нурбаев да  талашта түшкөн аймакты 2009-жылы менчиктештирип, кызыл китеп алган.  2014-жылы аталган тилкени Тилембай Ибраимов атту жаранга 400 миң сомго сатып жиберген. Жерди сатып алган жаран ээси башка адам экенин билбегенин айтат.

«Мен сатып алганмын да. 400 миңге алгам. Катоо кызматында бардык документтер турат», — дейт Тилембай Ибраимов.

Мамлекеттик каттоо кызматы жер тилке Анипа Якуповага таандык экенин ырастады. Көргөзүлгөн документтер, каттоо номурларынын баары дал ушул жаранды көргөзүүдө.

«Мамлекеттик каттоодон толугу менен өткөн. Жер боюнча жолдогу 3-кулушу болуп жатат. Экинчи жаранга кандай өткөнү боюнча сот өтүп жатат. Бизде Якуповада деп турат», —  Кадастр мамлекеттик ишканасынын Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкери Уланбек Төрөгулов.

Жер үчүн токтом чыгырып берген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул жөнүндө так маалымат айта албасыгын билдиришүүдө. 

«Мындай фактылар катталып жатат. Бул ошонун бири. Сотко барып жатабыз. Сотто чечилгени чечилип жатат», — дейт Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдусейит Сатыбалдиев.

Талашка түшкөн жер үчүн соттук иш 2017-жылы башталаган.  Буга чейин соттук отурум Жогорку сотко чейин жеткен. Бирок, так чечилген эмес. Азыркы күндө Жалал-Абад облустук сотунда кайра каралууда. 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*