
Кыргызстанда милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Долбоор 16-ноябрда Жогорку Кеңеште каралып, биринчи окууда колдоо тапкан.
Жаңы өзгөртүүлөр боюнча Кыргызстандын 16 жашка толгон жарандары жана ЕАЭС өлкөлөрүнүн жарандары, Кыргызстанда окуп-иштеп жаткан чет элдик жарандар, кайрылмандар, баш паанек издеп келген качкын статусу бар жарандар да милдеттүү медициналык камсыздандыруу алышы керек болот.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында кыргызстанда болжолдуу 64 миң чет элдик жарандар окуп, иштейт. Мыйзам кабыл алынса, алар камсыздандыруу алгандан кийин бюджетке жылына 400 млн сом түшүшү мүмкүн.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу алуу үчүн ар бир жаран жылына 1 500 сом төлөйт. Ага камсыздандыруу полиси берилгенден соң ошол жылы дары-дармек 50 пайыз жеңилдик менен берилет. Ооруканадагы кызматтар үчүн акы арзандатылып, үй-бүлөлүк медициналык борборлордо акысыз дарыгерге көрүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Мындан сырткары медициналык камсыздандырылбаган адамдар унаа сатып ала албай турган мыйзам сунуштоо пландалып жатат. Ал долбоор иштеп чыгылса медициналык камсыздандырылбаган жарандар айдоочулук күбөлүк алуу, унаа башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн да ажырап калышы мүмкүн. Ошондой эле, батирди сатып ала албайт жана сата да албай калат.
Мындай өзгөртүүлөр, жарандарды медкамсыздандыруу алууга үгүттөө үчүн киргизилет.
Учурда 4 млн 5 миң жаран медициналык жактан камсыздандырылган. Бул жалпы калктын 70 пайызын түзөт. Алардын ичинен 67%ын мамлекет камсыздандырган. Аларга 16 жашка чейинки балдар, 70 жаштан жогорку пенсионерлер, социалдык жөлөкпулдарды алуучулар, жумушсуз каттоодо тургандар, студенттер жана аскер кызматкерлери кирет. Андан сырткары 2 млнго жакын эмгекке жарамдуу өз алдынча иштеген кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу үчүн төлөшү керек. Бул өлкөнүн бюджетине жылына 3 жарым миллиарддан ашык акча алып келет.
Оставьте первый комментарий