
Ош шаарында 2023-жылдын январь айынан тарта суу үчүн төлөм кымбаттайт. Бул тууралуу «Ош шаар суу канал» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми шаар тургундары 1 куб метр (1 тонна) ичүүчү суу үчүн 6 сом 88 тыйындан төлөйт. Ал эми саркынды сууну тазалоо үчүн 4 сом 20 тыйын болот.
Бул баа Ош шаардык кеңешинин ушул жылдын сентябрь айындагы токтомунун негизинде кабыл алынган.
Учурда ичүүсү суунун тоннасы 5 сом 31 тыйын. Саркынды сууну тазалоо 2 сом 90 тыйын. Бул тариф 2012-жылы бекитилген.
Оставьте первый комментарий