
Жогорку Кеңештин 8-декабрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев «Жоюлуп кеткен «Улуу көчмөндөр мурасын» түзүүгө коротулган миллиондогон сом чыгымдарга ким жооп берет?» деген суроону койду.
«35 миллард сом бөлүнүп, «Улуу көчмөндөр мурасы» түзүлдү эле. Азыр эми чыгымы 700 миллион сом деп айтылып атат. Мекемени жоюуга эле 200 миллион сом каражат кетет деп атат. Бир киши үчүн ушундай ишканалар түзүлүп, кайра миллиондогон чыгымдар боло береби? Европадан, Америкадан, Казакстандан кыргыздын мыкты уул-кыз менеджерлери келген эле да. Эми алардын көңүлдөрү калып, баары кетишти. «Улуу көчмөндөр мурасынын» чыгымына ким жооп берет?», -деди Акаев.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 700 миллион сомдун басымдуу бөлүгү кайра бюджетке түшөт деп ишендирди.
«Жооп бере турган киши (ред-Теңгиз Бөлтүрүк) камакта отурбайбы. Эгер, күнөөлүү же күнөөлүү эмес болсо ал сот аркылуу далилденет. ЖМКга чыккан 700 миллион сомдун көпчүлүк бөлүгү бонус. Биз он чакты лицензия бергенбиз. Ошолордун бизнес долбоорлору иштей баштаган. Биз бонус катары Жаратылыш ресурстары агенттигине төлөшүбүз керек эле. Бул акчанын баары эле кайра биздин бюджетке келип түшөт. Алар алган эмеректер боюнча кылмыш иши козголуп, иштер жүрүп жатат. Алардын театр куруу боюнча бизнес долбоорун биз бекитип берген эмеспиз. Дээрлик көпчүлүк долбоорлордун баары кенди өзүбүз иштетебиз деп, ошонун тегерегинде болгон», — деди Жапаров.
«Улуу көчмөндөр мурасы» холдинги жоюлуп жатканы парламенттин тармактык комитетинин жыйынында белгилүү болгонун депутат Дастан Бекешев Телеграм-каналында жазган.
Аталган холдинг 2021-жылдын 29-январында түзүлгөн. Анын негизги милдети Кумтөр сыяктуу мамлекеттик кендерди тейлеп, казууга лицензия берүү болгон. Анын уставдык капиталында республикалык бюджеттен 3,4 миллиард сом болгон. Жоюуга байланыштуу 2,7 миллиард сом бюджетке кайтарылат. 700 миллиону «кредиторлордун талаптарын канааттандырууга» багытталат.
Аталган компаниянын башчысы Теңгиз Бөлтүрүк үстүбүздөгү жылдын кармалган. Октябрь райондук сотунун чечими менен ал 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.
Оставьте первый комментарий