
Баткенде жыл аягына чейин 150 үй курулуп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 8-декабрдагы жыйынында депутат Жанар Акаевдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Жанар Акаев учурда үй салып жаткан компаниялар каражаттын 50%ын дагы ала электигин айтты.
«Баткендеги үйлөр декабрь ичи курулуп бүтүп, тапшырылат деген сөз болгон. Азыр үйлөрдүн көпчүлүгүнүн чатыры да жабылган жок. Курулушчулардын баары менен сүйлөшсөм, 50 пайыз да акчасын албаптыр. Өткөндө бир топ депутаттар маселени көтөргөндөн кийин эртелеткен экенсиңер, бирок толук ала элек. Баткендеги үйлөргө акча-каражаты бөлүнгөн беле? Аны ким куруп атат? Анткени контейнерде жашап аткан, жада калса ага да жетпеген жарандарыбыз бар», -деди депутат.
Акылбек Жапаров акча жетиштүү бөлүнүп берилип жатканын билдирди.
«Мамлекеттик курулуш агенттиги көзөмөл жүргүзүп жатат. «Аманат» деген компания куруп, ал башка 31 компанияны жалдаган. 20-21-декабрга чейин 150 үйдү бүтүрүп, элдер кирет деп атат. Калгандары улам бүткөн сайын кире беришет. 1 миллиард сом бөлүнгөн. Дагы каражат керек болсо, бөлүп беребиз», -дейт Жапаров.
Буга чейин чек арада өрттөлүп талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери кечиктирилип жатканы боюнча нараазы пикирлер айтылган. Алардын кээ бирлеринин чатыры жабылып жатса, айрымдарынын пайдубалы курулган бойдон турат. Жергиликтүү тургандардын айтымында, жумушчу күчүнүн тартыштыгы да үйлөрдүн бүтүшүн артка тартууда. Курулуш башталарда усталар, жумушчулар жетишпегенинен жергиликтүүлөр өздөрү топ түзүшкөн. Алар өз үйлөрүн өздөрү куруп жатышат.
Жалпысынан облуста 423 үй курулушу керек. Ар бир үйдүн курулушу 3 млн 300 миң сомго бүткөрүлөрү айтылууда.
Оставьте первый комментарий