
Ош шаарында «Казак» каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-ноябрына караган түнү Ош шаарындагы караоке-клубдардын биринде бир нече адам эки жигитти бычак менен коркутушуп, сабашып, андан соң кылмыш болгон жерден изин жашырып кетип калышкан. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ага шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө «Казак» каймана аты менен белгилүү болгон 41 жаштагы жаран өзүнүн шериги 37 жаштагы Б.С. менен кармалган.
Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, дагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.
Оставьте первый комментарий