Ош шаарындагы «Бексултан» базары башка жайга көчүрүлөт

Ош шаарындагы «Бексултан» базары башка жайга көчүрүлөт. Шаардын 2016-жылдагы башкы планында аталган жай жол деп көрсөтүлгөн. Бирок, аталган жер учурда жеке менчикте турат. Учурда калаа бийлиги базарды жылдырып, көчөнү калыбына келтирүүгө аракет көрүүдө.

Аталган базарда соода кылган Чынара Жусупова күркөсүн 7 жыл мурун доллар менен сатып алган. Ал каражатты актоо үчүн дагы көп жыл иштеши керектигин айтып, эч жакка жылбай турганы билдирүүдө.

«Жылдырса да көчпөйм. Биздин акчабыз кеткен. Аны акташ үчүн биз бул жерде эле иштешибиз керек болот», — дейт Чынара Жусупова. 

Соодагерлер базардын жылышы боюнча эки ача пикир билдирип жатышат.  Айрым сатуучулар базардын  жылуусуна макул болсо, кээ бирлери каршы экендигин жашырбайт.  Алардын арасында соода күркөсүн сатып алгандар жана ижарада олтургандары бар.

«Негизи жылбай эле койсок жакшы эле. Эми бул жер өкмөттүн жери болсо көчөбүз да. Аларга керек болсо», — дейт дагы бир соодагер Эркин Кушуев.

«Тиричилигибиз ушул жерден болуп жатат. Салыктарын төлөмдөрүн убагында төлөп атсак эмнеге жылдырышат», — дейт Салия Темирова. 

Аталган базар жайгашкан жер Чынара Текенова аттуу жаранга таандык. Ал 2013-жылы Тилеке баатыр көчөсүн ачуу боюнча аракеттер жүргөн убакта, аталган жер Текеноваганын жеке менчиги болгон. Чынара Текенова жол ачууга жерин берип, анын ордуна өз жеринин түндүк чыгыш тарабынан жер алган. 

«2016-жылдан 2025-жылга чейинки Ош шаарынын башкы планында аталган базар жайгашкан жер жол катары көрсөтүлгөн. Бул конфет саткан базар менен Чынара Текеновнын жеке менчик жеринин ортосунда жайгашкан болуп жатат», — дейт Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жекетөөчү адиси Мирлан Өмүралиев.

Жергиликтүү бийлик жолдун ордунда турган соода түйүндөрү алынып, жол ачыларын айтууда. Бул боюнча коммиссиялык топ түзүлүп иш баштарын билдиришти. Азырынча базар кайсыл жака жылдырылары белгисиз болуп турат. 

«Жолдун үстүндө олтуруп соода кылгандар, контейнерлерди ижарага алып иштеткендердин баарынын иши мыйзамсыз. Ал жердеги жол ачылат. Азыр мэрге айтылды. Өзү барып көрүп, текшерет. Ошол ишкердин базарга жакын жайгашкан жерде дагы башка жери бар экен. Ошол жакка жылдырышыбыз да мүмкүн. Анткени элди да карашыбыз керек. Канчалаган адам ошол жерден тиричилик кылып жатат», — дейт Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов.

«Бексултан» базарында расмий катталган 380 соода түйүн бар. Салык кызматынан 271 патент берилген. Алар ай сайын 500 сомдон 2500 сомго чейин салык төлөшөт. Ал эми жер ээси бул жылы салык кызматына 120 миң сом төккөн. Аталган базар 2013-жылдары курулган.

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*