Президент Атазов менен Токторбаевге карата Башкы прокуратуранын аракетине баа берүү үчүн жумушчу топ түздү

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовго карата Башкы прокуратуранын аракеттерине баа берүү үчүн жумушчу топ түздү. Бул тууралуу парламенттин 8-декабрдагы жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Жумушчу топ депутаттардын башкы көзөмөл органга суракка барганын иликтеп чыгат. Териштирүүнүн корутундусу бир аптада чыгарылары айтылды.

«Токторбаев менен Атазовдун Башкы прокуратуранын кысымы тууралуу кайрылууларынан кийин президент Садыр Жапаров жумушчу топ түздү. Ага бир жумалык мөөнөт берилди. Алар Башкы прокуратуранын аракеттери боюнча иштеп, корутундусун президентке берет»,-деди Шакиев.

Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев эл өкүлдөрүнө карата Башкы прокуратуранын мыйзам бузууларын иликтеп, укуктук баа бере турчу комиссия түзүүнү сунуштаган. 

«Биз, кесиптешим экөөбүз прокуратурадагы коррупция тууралуу сөз сүйлөгөндөн кийин суракка алып кетишти. Башкы прокуратура колундагы эбегейсиз бийликке манчыркап, өзүн элден бийик сезип, элдин тагдыры менен ойноп көнүп калган. Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев абдан көп реформаларды жасады, бирок ага карата жети кылмыш иши козголуп, түрмөдө отуруп чыкты. Кийин кайра кыскартылып кетти. Буга моралдык жактан ким жооп берет?» — деди ал.

Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы отурумунда депутаттар Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев «элден түшкөн арызды Башкы прокуратура карап койсун» деген сөзү үчүн көзөмөл органынын кызматкерлери келип суракка алып барганын айтып чыгышкан. Атазов прокуратуранын аракети «Конституцияга каршы келет» деп белгилеген.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*