
Бүгүн, 9-декабрда Бишкек шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммити өтүүдө. Ага Беларустун президенти Александр Лукашенко, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышууда.
Күн тартибинде 17 маселе бар:
- Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өндүрүштүк кооперация долбоорлорун каржылоо;
- Биримдиктин ичинде жалпы газ базарын түзүү боюнча эл аралык келишимди даярдоо жөнүндө;
- Уюмдун ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу;
- Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы;
- Биримдиктин 2023-жылкы ишмердигинин багыттары;
- 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбооруна кол коюу;
- Уюмга төрагалык кылуу.
Оставьте первый комментарий