
Жалал-Абадда аэропортту шаардын аймагынан көчүрүү пландалып, бирок жаңысын куруу үчүн ыңгайлуу тилке табыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 8-декабрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад шаарынын жаңы башкы планында аэропорт көрсөтүлгөн эмес. Бирок көчүрүлө турган тилке да тактала элек. Сузак жана Ноокен районунан аэропорт курууга ыңгайлуу жерлер сунушталган. Учурда алардын коопсуздугун карап чыгуу үчүн комиссия түзүлгөнү жатат.
«Комиссия Сузактын жогору жагында Сафаровка тарапта же Ноокенде Арал тараптан жерди тандап бериши керек. Учактын учуп келип-кетиши, коопсуздугу жагынан маселелер абдан көп экен. Тескеменин негизинде комиссия түзүлүп, алар Орусиядан же башка чет өлкөдөн адистерди чакырышы керек. Ал адистер корутундусун бергенден кийин гана биз ушул жерде курулат деп чечим чыгарабыз» — деди Төрөбаев.
Былтыр Жалал-Абадда 2040-жылга чейинки шаардын башкы планы түзүлүп жатканы айтылган. Анда калаадагы көп кабаттуу имараттарды курууга тоскоолдук жаратканы үчүн генпландан аэропорт чыгарылып, анын ордуна башка курулуштар көрсөтүлгөнү белгилүү болгон. Быйыл августта президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү аэропорт курууга Сузак районунун Ленин жана Көк-Арт аймактарынан 270 гектар жер аянты көрсөтүлгөнүн билдирген.
Жалал-Абаддагы аэропорт шаардын борборунан 2 км алыстыкта жайгашкан.
Оставьте первый комментарий