
Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасын каралууда. Анда ал президентке кайрылып, түрмөдөн коркпой турганын айтты.
Нарматованын айтымында, президентти жанындагылары алдап, туңгуюкка түртүп жатат.
«Өлүмдөн, камактан корксок чындыкты айтпайт элек. Чындык бирөө — ал элге гана таандык. Эртең сиздин башыңызга мүшкүл иш түшсө мына мен чуркайм. Азыр сизди жарга түртүп жаткандар жаныңызда жүрүшөт. «Камаш керек, сиздин абийириңизге шек келтирди» деп, биздин сөздөрүбүздү монтаж кылып бөлүп алып, атайын бурмалап, бийлик менен оппозицияны чагыштырганга аракет кылып жатат. Революцияны оппозиция жасабайт, бийлик өзү жасайт. Оппозициядан коркпой эле койсун. Болгондо да мага окшогон жаш кыздан коркпой эле койсо болот».
Нарматова бүгүн дагы бир айып тагылганы белгилүү болду. Ага 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») менен айып угузулган.
Орозайым Нарматова 27-октябрда Москвада кармалганы айтылып, 28-октябрда Бишкек шаарына алынып келинген. 29-октябрда Биринчи май райондук сотунда аны эки айга камакка алуу чечими чыгарылган. Ал муну саясий куугунтук деп айтууда.
«Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу» беренеси менен кармалган Нарматова «Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин мүчөсү болгон.
Эске салсак, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген.
Оставьте первый комментарий