
Ош шаарында «Кытай» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Ал адам уурдоого шектелип жатат.
Ош шаардык милициясы тараткан маалыматка ылайык, атайын операциялар отрядынын жардамы менен 3 жаран кармалган. Алар акча өндүрүү максатында адам уурдап, жабырлануучуга моралдык-психологиялык басым жасап, денесине залал келтиришкен.
Кармалгандардын бири Оштогу жогорку окуу жайларынын биринин студенти. Экинчиси 24 жаштагы К уулу Ө жана 38 жаштагы К. У болгон.
К. У мурда бир нече жолу оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолуп чыккан. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Акча өндүрүү үчүн адам уурдоону уюштурган. Кылмыш чөйрөсүндө «Кытай» деген каймана ат менен белгилүү. Эч жерде иштебейт.
«23-ноябрь күнү Ош шаарында 34 жаштагы жергиликтүү тургунду ага таандык болгон «Тайота-Камри» үлгүсүндөгү унаасында коркутуп, жанындагы 10 миӊ сом акчасын, уюлдук телефонун тартып алышкан. Бирок, ал акчага алымсынбастан ири суммадагы акча талап кылышкан. Жабырлануучунун акча берүүдөн баш тартып, каршылык көрсөткөндүгүнөн үч шектүү аны күч менен машинасынын арткы отургучуна отургузушуп, Кара-Суу районунун аймагындагы бир үйгө алып барышкан. Ал жакта бир бөлмөгө камашып, кайрадан бычак такашып, акча талап кылышкан. Акча талап кылуу түрдүү коркутуулар, ур-токмокко алуу менен коштолгон», — деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучунун денесиндеги жараттардын оордугун аныктоо максатында атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Учурда кылмыштуу топтун ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар- жоктугу текшерилип жатат.
Шектүүлөр кечээ, 8-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Оставьте первый комментарий