Медиа коомчулук президентке жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жасады

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Казакстан, Грузия, Литва, Молдова жана Өзбекстандагы медиа серепчилер катышкан «Медиа тилектештик: Кыргызстандын медиа секторун колдоо» деген аталыштагы онлайн телекөпүрө болуп өттү. Анда аталган өлкөлөрдөгү массалык маалымат каражаттарынын азыркы абалы талкууланды. 

Иш-чаранын уюштуруучулары Кыргызстанда сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй кысым болуп жатканын айтышты.

Казакстандык медиа эксперт Гүлмира Биржанова сөз сүйлөп, өлкөдөгү соңку абалдарга токтолду. Ал быйыл январда болгон окуялардан кийин коңшу мамлекетте ЖМКга байланыштуу абал өзгөргөнүн, бир аз жылыш бар экенин, өзгөчө интернет аркылуу иштеген басылмалар иликтөөлөрдү жүргүзүүдө тоскоолдуктардан аз да болсо арылганын белгиледи. Бирок ошол эле убакта ал Казакстандын Кылмыш жаза кодексинде журналисттин укугун коргогон берене бар экенине карабай, бир да кылмыш иши сотко жетпегенин, жетсе да тиешелүү чечим кабыл алынбай, журналисттердин укуктары жакшы корголбой жатканын кошумчалады.

Онлайн телекөпүрөнүн жыйынтыгында Кыргызстандын медиа өкүлчүлүгү сөз эркиндигин сактап калууда жардам берүү өтүнүчү менен президентке жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жасады. Анда бүгүнкү күндө өлкөдө демократиялык принцип жана баалуулуктардан артка кетүү, бийлик тарабынан сөз эркиндигине кысым болуп жатканы белгиленди. ЖМКка каршы мыйзамдар кабыл алынып, журналисттерди негизсиз кармоо, өлкөдөн чыгарып жиберүү фактылары, сайттарды бөгөттөө, редакцияларга, журналисттерге коркутуулар болуп жатканы тууралуу айтылды.

«Биз Кыргызстандын президентине, эл аралык уюмдарга, Кыргызстанда сөз эркиндигине укукту, пикирлердин ар түрдүүлүгүн сактап калууга жардам сурап кайрылабыз»,- деп айтылат кайрылууда.

Кол топтоо үчүн петицияга Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Литва жана Молдовадан эркин маалымат каражаттары кошулду.

Эске салсак: 1-декабрда Кыргызстандын социалдык тармактарында республиканын журналисттерин жана массалык маалымат каражаттарын колдоо боюнча маалыматтык кампания башталган. Акциянын максаты — чет мамлекеттердин коомчулуктарына Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү болгон.

Кыргызстандагы журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына басым жасалган фактылар ар кайсы өлкөлөрдүн журналисттеринин жеке аккаунттарынан #ForKyrgyzJournalist, #ForKyrgyzMedia деген хэштегтер менен жарыяланды.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*