
Кургак учукка байланышкан темаларды мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК өкүлдөрү арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Анда «Т-Медианын» журналисти Кенжебү Мамадсадыкова даярдаган сюжет телематериалдар арасынан 1-орунду алды.
Сынак ушул жылдын мартында Саламаттыкты сактоо министрлиги, Улуттук фтизиатрия борбору жана USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору тарабынан жарыяланган.
Демилгечилер бул сынак менен ЖМК аркылуу коомчулуктун көңүлүн кургак учук маселелерине бурууну көздөгөн. Бул тууралуу маалымат элге жеткирип, илдетке чалдыккан адамдарды кодулоо жана басмырлоону азайтуу максатталган. Буга улай, ооруну жугузуп алгандарды өз убагында дарыланууга чакырык ташталууда.
Март айынан октябрга чейин сынакка республика боюнча теле/радиодон обого берилген, интернет-ресурстарында жайгаштырылган, басма сөздө жарыяланган журналисттердин кыргыз жана орус тилдеринде 70 жакын иштери кабыл алынган.
Конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар Ош шаарында «ЖМКда кургак учук темасын чагылдыруусунун актуалдуулугу жана өзгөчүлүктөрү» деп аталган жумушчу жыйында тапшырылды.
Оставьте первый комментарий