«Депутат катары маселе көтөргөн». ЖКнын маалымат кызматы Садыбакасованын сынына жооп берди

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы Гүлшайыр Садыбакасованын депутат Аида Исатбек кызынын сөзү тууралуу пикирине жооп берди. Билдирүү парламенттин расмий сайтына жарыяланды

Анда эл өкүлү Жогорку Кеңеште Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын абалы тууралуу маселени элдин пикиринен улам көтөргөнү айтылган.

«Депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин Ош шаарындагы көчмө жыйынынын алкагында Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын абалы менен жеринде таанышкан. Аталган маданий жайдагы жагдай тууралуу парламентте кеп кылып, 22 жылдан бери башкарып келе жаткан жетекчилиги боюнча пикирин билдирген. Депутат Аида Исатбек кызынын Г.Садыбакасовага карата мындан башка жеке таарынычы жок. Андыктан, айтылган пикирди туура кабыл алып, 22 жылдан бери жетектеп келе жаткан филармонияны өнүктүрүү жаатында жигердүү иш алып барат деген ишеничте» — деп айтылат билдирүүдө.

7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кышы Оштогу филармониянын абалы тууралуу айтып, аны 22 жылдан бери жетектеп келе жаткан Гүлшайыр Садыбакасованын кызматын кароо керектигин айткан. 9-декабрда Садыбакасова эл өкүлүнө соцтармак аркылуу жооп берген. Анда жетекчи кылган эмгектерин белгилеп, депутаттын сөзүн жалган жалаа деп атаган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*