
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жолдо бурганакта калган 3 унаа куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Нурзат Муратбекова Т-Медиага билдирди.
Маалыматка караганда, 9-декабрда аба-ырайы туруксуз болуп, Торкент-Толук унаа жолунун болжол менен 35-чакырымында адамдар 3 унаада калып кеткен. Анын ичинде 20 адам болгон. Экөө жаш бала.
Ошол эле күнү 112 кызматына бул тууралуу маалымат түшүп, жерине 2 куткаруучу жана 2 бульдозер тартылган. Жарандарга көмөк көрсөтүлүп, 20 адам Толук айылына саат 06:50дө жеткирилген. Жабыркагандар жок.
Оставьте первый комментарий