31-декабрга чейин майыптыгы бар жарандарга жашаган жерине барып документ берилет

Кыргызстанда 31-декабрга чейин жарандарга мамлекеттик каттоо жана документтештирүү кызматтарын көрсөтүү боюнча мобилдик топтор иштейт. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Мобилдик топтор 8- декабрда иштей баштаган. Бул өнөктүк менен декабрь айынын соңуна чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган жери боюнча бардык керектүү каттоо кызматтарын ала алышат. Мобилдик топтор өлкөнүн бардык аймактарында жарандардын жашаган жерине барып төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

  • паспортко документтерди кабыл алуу;
  • жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо (туулууну каттоо, өлүмдү каттоо) жана күбөлүктөрдү берүү;
  • «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулга арыздарды кабыл алуу;
  • жарандарды жашаган жери жана жүргөн жери боюнча каттоо;
  • чет өлкөлүк жарандарды каттоо;
  • жарандык маселелери боюнча консультация берүү жана документтерди кабыл алуу;
  • биометрикалык маалыматтарды каттоо;
  • ошондой эле, жеке идентификациялык номерди текшерип, күбөлүктөрдү жана көчүрмөлөрдү алууга болот.

Бул иш Калкты каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө. Мобилдик топтордун кызматын колдонуу үчүн жарандар өзү жашаган аймактагы айыл өкмөттөргө кайрылса болот.

Мобилдик топтор Ош облусунда:

  • 8-декабрдан 12-декабрга чейин Ноокат районунда;
  • 13-декабрдан 15-декабрга чейин Кара-Суу районунда;
  • 19-20-декабрда Араван районунда;
  • 8-9-12-декабрда Өзгөн районунда;
  • 13-14-декабрда Кара-Кулжа районунда;
  • 15-19-20-декабрда Алай районунда;
  • 21-26-декабрда Чоң-Алай районунда болот.

Баткен облусу боюнча:

  • 30-декабрга чейин Баткен районунда

Жалал-Абад облусу боюнча:

  • 8-9-12-13-декабрда Сузак районунда;
  • 14-15-19-20-декабрда Ноокен районунда;
  • 21-26-27-28-29-декабрда Токтогул районунда;
  • 8-9-12-13-14-декабрда Базар-Коргон районунда;
  • 15-19-20-21-26-декабрда Аксы районунда;
  • 26-27-декабрда Ала-Бука районунда;
  • 29-30-декабрда Чаткал районунда болот.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1489 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*