Кыргыз тил мугалимдери үчүн сынак жарыяланды

Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери арасында «Мыкты баяндамачы-2022» республикалык сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Конкурстун максаты мугалимдердин жазуу жана сүйлөө чеберчилигин арттыруу. Сынак «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 33 жылдыгына карата уюштурулуп жатат-.

Конкурс үч этап менен өтөт:

  • I этапта – 12-декабрга чейин катышуу үчүн облус/шаардан арыздар кабыл алынат;
  • II этапта – ар бир катышуучу кыргыз тилин окутуунун азыркы абалы, көйгөйлүү маселелер жана аны чечүүнүн жолдорун чагылдырган үч барактан ашпаган текстти уюштуруу комитетине жөнөтүшү керек (15-декабрга чейин);
  • III этапта – финалга чыккан сынактын катышуучулары онлайн жана оффлайн форматта оозеки баяндама жасайт (20-декабрда).

Сынакка бардык аймактардан ар улуттагы кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катыша алат.

Толук маалымат үчүн 0(559)280974, 0(990)904404 (вотсап), (0312)663898 номерлери же bilimmamtil@gmail.ru электрондук почтасы аркылуу байланышууга болот.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1465 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*